Улуттук банк «Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 23-сентябрындагы №38/8 токтому менен бекитилген «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырылган операциялар жөнүндө» жобого өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу» долбоорун коомдук талкууга чыгарууда. 

Долбоордо жогоруда белгиленген Жободо «Шарика/мушарака келишими/өнөктөштүгү» 2.2-главасын мугараса, музараа жана мусакат аттуу жаңы операциялары менен толуктоо каралган. 

Аталган операциялардын аныктамалары жана негизги жоболору долбоорго Ислам финансылык институттар үчүн бухгалтердик эсепке алуу жана аудит уюмунун (AAOIFI) Шариат стандарттарына ылайык киргизилген. 

Долбоор Улуттук банктын расмий интернет сайтынын «Ченемдик актылар//Талкууга сунушталган долбоорлор» бөлүгүндө жайгаштырылган. 

Улуттук банк ушул долбоорго карата сын пикирлерди жана сунуштарды 2019-жылдын 14-июнунан кечиктирбестен, eaidarov@nbkr.kg электрондук дарегине жөнөтүүнү өтүнөт (Word форматында).