Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Көзөмөл боюнча комитети Айыл чарбасын өнүктүрүүгө ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык каржылоо сунуштоо боюнча сунуш-көрсөтмөлөрүн бекитти.
Сунуш-көрсөтмөлөр ислам каржы продукттарын өлкөнүн ар кандай айыл чарбасынын багыттарын каржылоо үчүн финансы-кредиттик уюмдарга кыскача колдонмо катары иштелип чыкты.
Жогоруда аталган сунуш-көрсөтмөлөр Улуттук банктын расмий интернет-сайтында «Улуттук банктын ченемдик актылары/Банктык жөнгө салуу» бөлүгүндө жайгаштырылган.