Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, Улуттук банктын жазма буйруктарын жана ченемдик укуктук актыларынын талаптарын системалуу түрдө аткарбагандыгы үчүн «MOBILNIK» (Мобильник) жоопкерчилиги чектелген коомунун 2015-жылдын 29-майындагы № 2003290515 жана № 3002290515 лицензиялары 2019-жылдын 17-майынан тартып кайтарылып алынгандыгын маалымдайт. Лицензиялардын кайтарылып алынгандыгы «MOBILNIK» (Мобильник) жоопкерчилиги чектелген коомун өз милдеттенмелерин аткаруудан бошотпойт. 

Улуттук банк, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган ыйгарым укуктарынын алкагында, Кыргыз Республикасынын төлөм системасынын абалына таасирин тийгизиши мүмкүн болгон тобокелдиктерди азайтуу жана финансы кызматтарын керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча зарыл чараларды көрөт.