2019-жылдын 24-майында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы Т.С. Абдыгулов менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын вице-президенти Алан Пиллу мырза ортосунда жолугушуу болуп өттү. Жолугушуунун жүрүшүндө банктар ортосундагы кызматташуу маселелери, ошондой эле Кыргыз Республикасынын банк жана финансы сфераларына тиешелүү маселелери талкууланды.