Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы эсептик чен өлчөмүн  

4,25 пайызга чейин төмөндөттү  

 

Улуттук банк Башкармасы 2019-жылдын 27-майында эсептик чен өлчөмүн (негизги ченди) 25 базистик пунктка 4,25 пайызга чейин төмөндөтүү чечимин кабыл алды. Чечим 2019-жылдын 28майынан тартып күчүнө кирет

Баа динамикасы дале төмөн деңгээлде сакталууда. Май айында (17-майга карата) инфляция жылдык мааниде 0,3 пайызды түзгөн. Азык-түлүк товарларына баалардын төмөндөшү басаңдап, нөлдүк мааниге жакындаган. Базалык инфляция көрсөткүчү 2017-жылдын башынан тартып минималдуу мааниге жетүү менен төмөндөөсүн уланткан. 

Өлкөдө экономикалык жигердүүлүк жогорулады. 2019-жылдын январь-апрель айларында реалдуу ИДӨ 5,7 пайызга, ал эми “Кумтөр” боюнча маалыматты эске албаганда 1,6 пайызга өскөн. Экономиканын өсүшүнө негизги салымды иштеп чыгаруу өнөр жай сектору жана өлкөгө акча которуулар агымы, ошондой эле төмөн баа динамикасынын алкагында реалдуу эмгек акынын өсүшү менен колдоого алынган чогуу алгандагы ички суроо-талаптын алгылыктуу динамикасы кошкон. 

Кыргыз Республикасынын экономикасы бүтүндөй алганда Улуттук банктын күтүүлөрүнүн чегинде өнүккөн. Мында дүйнөлүк азык-түлүк рынокторунда баалар сунуш көлөмүнүн жогорулашынын алкагында Улуттук банктын болжолдуу маанилеринен төмөн түптөлгөн. Глобалдуу жана регионалдык рыноктордо түптөлгөн тенденция жакынкы мезгилдерде Кыргыз Республикасынын экономикасы үчүн олуттуу инфляциялык тобокелдиктерди шарттабай тургандыгы күтүлүүдө.  

Бул факторлор Улуттук банкка инфляция боюнча болжолдоолорду төмөндөтүү жагына корректировкалоого мүмкүндүк берген: 2019-жылдын акырына карата инфляция 4,0 пайыздан жогору эмес деңгээлде (2019-жылдын декабрь айы/2018-жылдын декабрь айына карата), ал эми анын орточо жылдык мааниси ички жана тышкы таасирлер жок учурда 1,0 пайыз деңгээлинде күтүлүүдө

Акча-кредит саясатынын экономиканын реалдуу секторуна түрткү берүү чараларын колдоого алуу максатын көздөгөн багыты экономиканы кредиттөөнү андан ары кеңейтүүгө жана пайыздык чендерди төмөндөтүүгө мүмкүндүк берген. Акча рыногунун кыска мөөнөттүү чендери Улуттук банк тарабынан белгиленген пайыздык чен чегинде катталуу менен негизги ченге жакындоо тенденциясына ээ болгон. Банктар аралык кредит рыногунда жигердүүлүк жетишээрлик жогору деңгээлде сакталууда. Банк тутумунда үстөк ликвиддүүлүктүн өсүшү байкалууда, бул Улуттук банктын арылтуу операцияларын көбөйтүүсүн шарттоодо. Ички валюта рыногунда абал туруктуу сакталууда.  

Өтүп жаткан жыл ичинде чогуу алгандагы суроо-талаптын орточо динамикасы, соода боюнча өнөктөш өлкөлөрдүн экономикасынын өнүгүү келечеги жана төмөн инфляциялык тобокелдиктер эсептик чен өлчөмүн төмөндөтүүгө жана орто мөөнөткө каралган келечекте инфляциянын акча-кредит саясатынын 5-7 пайыз максаттуу көрсөткүч чегинде орун алышын күтүүгө мүмкүнчүлүк түздү. Тышкы жана ички чөйрөдө кандайдыр бир тобокелдиктер келип чыккан учурда, Улуттук банк акча-кредит саясатынын учурдагы багытын корректировкалоо мүмкүнчүлүгүн карап чыгуусу мүмкүн. 

Улуттук банк туруктуу негизде инфляцияга тышкы жана ички факторлордун таасирине баа берип, экономикалык жагдайга жараша акча-кредит саясатынын тиешелүү чараларын кабыл алат.  

 

 

Маалымат үчүн: 

Улуттук банк Башкармасынын эсептик чен өлчөмү жөнүндө маселени кароо боюнча кийинки отуруму 2019-жылдын 24-июнуна пландаштырылды

 

1-график. Кыргыз Республикасында жалпы инфляция 

(%, өткөн жылдын тиешелүү айына карата ай ичинде) 

2-график. Кыргыз Республикасынын аймактары боюнча инфляция 

(%, өткөн жылдын тиешелүү айына карата ай ичинде) 

3-график. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эсептик чени 

(пайыздарда)