Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 4-июлундагы № 28/10 «Коммерциялык банктарда видеобайкоону уюштуруу тартибин бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүү долбоорун коомдук талкууга сунуштайт. 

Долбоор коммерциялык банктардын объектилеринде орнотулган видеобайкоо системаларын электр тогу менен камсыз кылууга кеткен чыгымдарды оптималдаштыруу максатында иштелип чыккан. 

Ченемдик укуктук актынын 18-пунктунун «в» пунктчасын төмөнкү редакцияда берүү сунушталат: «электр тогу менен резервдик камсыз кылуу булактарынын (аккумуляторлордун) мүмкүнчүлүгү видеобайкоо системасынын өз алдынча үзгүлтүксүз иштөөсүн, эң аз дегенде, 30 мүнөт камсыз кылууга тийиш». 

Ошентип, долбоор менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төмөнкү ченемдик укуктук актысына өзгөртүү киргизүү каралган: 

- 2012-жылдын 4-июлундагы № 28/10 «Коммерциялык банктарда видеобайкоону уюштуруу тартибин бекитүү жөнүндө». 

Долбоор Улуттук банктын расмий интернет-сайтында «Улуттук банктын ченемдик актылары» / «Талкууга сунушталган долбоорлор» бөлүгүндө жайгаштырылган. 

Коммерциялык банктар долбоор боюнча сунуш-пикирлерин 2019-жылдын 29-июнунан кечиктирбестен akulmirzaev@nbkr.kg электрондук дарегине (Word форматында) жөнөтүүсү зарыл.