Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «Банк чөйрөсүн санариптештирүү жеткиликтүү финансылык кызмат көрсөтүүлөргө карай жол» темасын эң мыкты чагылдыруу боюнча жалпыга маалымдоо каражаттары арасында республикалык сынак жарыялайт.  

Сынак Улуттук банк тарабынан Кыргыз Республикасынын Президентинин «2019-жылды Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы деп жарыялоо жөнүндө» жарлыгын аткаруунун алкагында өткөрүлөт.  

Сынак, финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү пайдалануучулардын билим деңгээлин жалпыга маалымдоо каражаттары (мындан ары ЖМК) аркылуу маалымат берүү менен жогорулатуу, жарандардын, мамлекеттик бийликтин, коомдук уюмдардын өкүлдөрүнүн көңүлүн буруу, ошондой эле финансы-кредит уюмдары тарабынан сунушталган финансылык продукттар менен кызмат көрсөтүү рыногунун өзгөчөлүгү жөнүндө сапаттуу басылмалар менен калктын маалымдар болуу деңгээлин жогорулатуу максатын көздөйт.  

Сынакты өткөрүү жана анын жыйынтыгы тууралуу маалымат Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын www.nbkr.kg расмий интернет-сайтында жайгаштырылат.  

Сынакка журналисттердин эмгектери берилген тема боюнча басма сөз түрүндө жарыяланган материалдар, телесюжет жана радиоберүүлөр түрүндө сунушталат. 

Сынак төмөнкү номинация боюнча өтөт:   

- Мамлекеттик тилде мыкты телематериал.   

- Расмий тилде мыкты телематериал 

- Региондо жарыяланган мыкты телематериал. 

- Мамлекеттик тилде мыкты радиоматериал.   

- Расмий тилде мыкты радиоматериал.   

- Мамлекеттик тилде жалпыга маалымдоо каражаттарынын басма сөздөрүндө жарыяланган мыкты материал.   

- Расмий тилде жалпыга маалымдоо каражаттарынын басма сөздөрүндө жарыяланган мыкты материал.   

- Региондо жарыяланган жалпыга маалымдоо каражаттарынын басма сөздөрүндөгү мыкты материал. 

- Мамлекеттик тилде интернет басылмаларында жарыяланган мыкты материал.   

- Расмий тилде интернет басылмаларында жарыяланган мыкты материал.  

Сынактын жыйынтыгы боюнча жеңүүчүлөр баалуу белектер, ошондой эле кызыктыруучу сыйлыктар менен сыйланат.  

Сынактын шарттары тууралуу толук маалыматты Улуттук банктын www.nbkr.kg. расмий сайтынан алууга болот.  

 

 

 

Коомчулук менен иш алып баруу бөлүмү 

Т: 61-06-67