Улуттук банк уюлдук байланыш операторлору менен жолугушуу өткөрдү  

 

2019-жылдын 31-майында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы Т.С. Абдыгулов, төлөм системасынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча жумушчу топтун алкагында жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгы боюнча уюлдук байланыш операторлорун («MegaCom», «Beeline», «О!» соода маркалары) кошуу менен «Байланыш операторлорунун ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмесинин жана «KG төлөм системасынын операторлору ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмесинин өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү

Жолугушуу учурунда төмөнкү маселелер талкууга алынды: 

- абоненттердин өздүк эсептеринен акча каражаттарын кайтаруу боюнча агенттик схема; 

- уставдык капиталды көбөйтүү

- төлөмдөрдүн кепилдигин камсыз кылуу (100% алдын ала төлөм жана камсыздандыруу депозиттери); 

- жана башка. 

Жолугушуунун жыйынтыгында жогоруда аталган маселелер төлөм системасында бар тобокелдиктерди эске алуу менен ченемдик укуктук актылардын долбоорлору боюнча алдыда боло турган коомдук талкуунун алкагында кошумча дагы каралат деген тыянак чыгарылды.