Өлкөнүн алыскы региондорунда көчмө кассалар иштей баштады 

 

«Өлкө аймактарын өнүктүрүү жана санариптештирүү жылынын» алкагында, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын демилгеси менен алыскы аймактарында жашаган адамдар үчүн банктык кызмат менен тейлөөнүн пилоттук долбоору катары көчмө-кассалар уюштурулду. Долбоорду ишке ашыруу үчүн «Кыргыз инкассация» ЖАК, Ош облусу боюнча «РСК банк», Жалал-Абад облусу боюнча «Росинбанк» тартылган. 

«Kыргызинкасациясы» ЖАК айыл өкмөттөр менен макулдашылып, бекитилген график боюнча, банктын кассирлерин алыскы айыл-өкмөттөргө жеткирет жана акча каражаттарынын коопсуздугун камсыздайт. Мындай кызмат алыскы райондордун жашоочуларына жеринен нак акча каражат алууга жана башка төлөмдөрдү өткөрүүгө (коммуналдык кызматтар үчүн акы төлөө, салык төлөмдөрүн өткөрүүгө ж.б.) ыңгайлуу шарттарды түзөт.  

Алгач мындай кызмат менен 120 алыскы айылдарды камтуу каралган, анын ичинде Ош облусу боюнча 44 айыл, Жалал-Абад облусу боюнча 76 айыл бар. Калкты тейлөө банктык кызматка туташууга мүмкүн болбогон станционардык пункттарда ишке ашырылат. 

Көчмө кассаларынын иш тартиби боюнча маалымат Ош жана Жалал-Абад облустарынын тийиштүү айыл өкмөттөрүнүн башчыларына берилген. 

 

Көчмө кассалардын иштөө эрежелери жана башка суроолор боюнча төмөнкү телефон номерлери аркылуу тактоого болот: 

- «Росинбанк» ААК: (0 312) 55 44 44 телефону жана «Росинбанк-Жалалабат» филиалына иш күндөрү (0 3722) 72803 телефондору аркылуу;  

- «РСК Банк» ААК: (0 312) 911 111, Ош шаарындагы филиалы: (03222) 8 16 37, (03222) 8 16 35. 

 

Кошумча маалымат: «Кыргызинкассациясы» ЖАК көз карандысыз юридикалык жак, анын 100% акциясы Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына таандык.