Борбордук Азиядагы Америка университетинин студенттери Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында болушту 

 

2019-жылдын 12-июнунда Борбордук Азиядагы Америка университети тарабынан жана АКШ Бард колледжи менен өнөктөштүктө уюштурулган АКШ, Япония, Кытай, Германия, Франция, Тажикстан жана Кыргызстан мамлекеттеринин алдыңкы окуу жайларынын жайкы программага катышкан практик-студенттери Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында болушту. 

Иш сапардын жүрүшүндө студенттерге Улуттук банктын иши, аткарган ролу жана негизги функциялары тууралуу маалымат берилди.  

«Улуттук банктын негизги максаты болуп, КМШ өлкөлөрү жана экономикасы кыйла өнүккөн башка өлкөлөрдүн борбордук банктары сыяктуу эле, тиешелүү акча-кредит саясатын жүргүзүү аркылуу баалардын туруктуулугуна жетишүү жана аны колдоо саналат. Белгилей кетүүчү нерсе, Кыргыз Республикасы КМШ өлкөлөрүнүн ичинен өзүнүн улуттук валютасын эң биринчилерден болуп жүгүртүүгө чыгарган, бул акча-кредит саясатын өз алдынча жүргүзүүгө негиз салган чечимдерден болгон» деп белгиледи өз сөзүндө Улуттук банктын төрагасынын орун басары Нурбек Жениш. 

Мындан сырткары, студенттер Улуттук банктын нумизматикалык музейинде болушуп, Кыргыз Республикасынын аймагында табылган байыркы монеталардын уникалдуу экспозициясы, Улуттук банк чыгарган коллекциялык монеталар, ошондой эле башка мамлекеттердин борбордук банктары тарабынан чыгарылган акча белгилеринин үлгүлөрү менен таанышып чыгышты.