Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «Төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин жөнгө салуу жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтом долбоорунун (мындан ары долбоор) жаңы редакциясын коомдук талкууга сунуштайт. 

Долбоор Улуттук банктын расмий интернет-сайтында «Улуттук банктын ченемдик актылары»/«Талкууга сунушталган долбоорлор» бөлүгүндө жайгаштырылган. 

Төлөм системаларынын операторлору жана төлөм уюмдары, ошондой эле кызыкдар болгон башка жактар долбоор боюнча сунуш-пикирлерин 2019-жылдын 14-июлунан кечиктирбестен adjakubova@nbkr.kg электрондук почта дарегине (Word форматында) жөнөтүүсү зарыл.