Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы “Төлөм системасына көзөмөлдүктү (оверсайт) жүргүзүү жана андагы тобокелдиктерди тескөө боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” токтом долбоорун коомдук талкууга сунуштайт. Токтом долбоору Кыргыз Республикасынын төлөм системасына көзөмөлдүктү (оверсайт) жүргүзүү саясатына жана Кыргыз Республикасынын төлөм системасында орун алышы ыктымал болгон тобокелдиктерди тескөө саясатына сунушталган өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду камтыйт.  

Долбоор «Улуттук банктын ченемдик актылары» / «Талкууга сунушталган долбоорлор» бөлүгүндө жайгаштырылган. 

Коммерциялык банктар, төлөм системаларынын операторлору жана төлөм уюмдары, ошондой эле кызыкдар болгон башка жактар долбоор боюнча сунуш-пикирлерин 2019-жылдын 17-июлунан кечиктирбестен psoversight@nbkr.kg жана ntaalaibekov@nbkr.kg электрондук почта дарегине (Word форматында) жөнөтүүсү зарыл.