Кыргыз Республикасы CYFI Country Award 2019  

сыйлыгынын жеңүүчүсү болду 

 

2019-жылдын 19-июнунда Түштүк-Африка Республикасынын Йоханнесбург шаарында Global Inclusion Awards 2019 сынагынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи болуп өттү

Анда Кыргыз Республикасы өлкөлөр категориясы боюнча (Country Award) жеңүүчү катары таанылып, Эл аралык финансылык билим берүү, балдар жана жаштар үчүн жеткиликтүүлүк уюму (CYFI - Child and Youth Finance International) тарабынан демилгеленген «Жаштарды тартуу 2019» номинациясындагы сыйлыкка ээ болду. 

Сыйлык өлкөдө Программанын негизги багыты болуп саналган мектеп окуучулары, жаштар жана мектеп мугалимдери арасында финансылык билим берүү чөйрөсүндө кыйла жетишкендиктери жана күч-аракеттери үчүн 2016-2020-жылдарда Кыргыз Республикасынын калкынын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу программасынын координатору - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына тапшырылды.  

 

Маалымат үчүн: 

 

Child and Youth Finance International (CYFI) - өкмөттүк эмес эл аралык уюм, ал дүйнө жүзүндөгү балдарга жана жаштарга финансылык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүү болуусун камсыз кылуу, экономикалык укуктар жөнүндө маалымдар болуусун арттыруу, жаштарга өз активдерин түзүүгө, өздөрүнүн келечегине инвестиция салууга мүмкүнчүлүк берүүгө, акыр аягында жакырчылыкты жеңүүгө умтулуу жагында иш алып барат. 

Global Inclusion Awards бул, дүйнө жүзү боюнча жаш муундардын экономикалык жарандыгы тармагында өлкөлөрдүн жана уюмдардын жетишкендиктерин белгилеген эл аралык маанилүү иш-чара.  

Country Award категориясындагы сыйлык менен балдарга жана жаштарга финансылык билим берүү жана финансылык сабаттуулук темасын улуттук деңгээлде илгерилеткен өлкөлөрдүн жетишкендиктери белгиленет.