«Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы коомдук талкууга төмөнкү долбоорлорду чыгарат: 

- «Коммерциялык банктын ишине тиешелүү маалыматтарды чечмелөөгө карата талаптар жөнүндө» жобонун долбоору; 

- Кыргыз Рспубликасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү долбоору. 

Долбоорлор Улуттук банктын расмий интернет-сайтында «Улуттук банктын ченемдик актылары» / «Талкууга сунушталган долбоорлор» бөлүгүндө жайгаштырылган. 

Коммерциялык банктар долбоорлор боюнча сын-пикирлерин жана сунуштарын 2019-жылдын 21-июлунан кечиктирбестен zhnarynbekkyzy@nbkr.kg электрондук дарегине (Word форматында) жөнөтүүсүн өтүнөбүз.