Улуттук банк Башкармасы региондорду өнүктүрүү жана экономиканы санариптештирүү демилгесинин алкагында, ошондой эле банктар менен аралыктан тейлөө кызмат көрсөтүүлөрүн сунуштаган башка уюмдар ортосунда иш алып баруу процессин тактап, жөнгө салуу максатында 2019-жылдын 19-июнунда «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомду кабыл алды. Электрондук кол тамганы колдонуу максатында кабыл алынган бул өзгөртүүлөр финансы-кредит уюмдарынын калайык-калкты аралыктан тейлөө мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү максатын көздөйт. Мындан тышкары, сунушталган өзгөртүүлөрдө коммерциялык банктар учурда колдонуп жаткан, тиешелүү код белгиленген, паролго жана айрым операциялар боюнча келип чыгышы ыктымал болгон тобокелдиктерди чектөө менен юридикалык маанилүү иш-аракеттерди жүзөгө ашыруу үчүн башка тастыктооочу белгилерге ээ болгон интернет-банкинг, мобилдик-банкинг, электрондук капчык жана электрондук башка технологияларды колдонуу тартиби аныкталган. Тиешелүү келишимдер түзүлгөн шартта, жогоруда белгиленген тастыктоочу каражаттарды электрондук кол тамга катары таануу, аралыктан туруп тейлөө системасынын пайдалануучуларына кошумча эсептерди/аманаттарды ачуу, белгилүү бир суммада кредит алуу, ошондой эле кагазга чыгарылып, кол коюлган келишимдердин милдеттүү түрдө болушун талап кылган башка операцияларды жүргүзүү мүмкүнчүлүгүнө өбөлгө түзөт. Ошентип, идентификацияланган пайдалануучулар аларды тейлөөгө алган финансы уюмдарына барып отурбастан эле, банк жана төлөм кызмат көрсөтүүлөрүнөн пайдалануусу үчүн шарттар жөнгө салынат. 

Атап айтканда, төмөнкү Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөр киргизилген:  

1) Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 15-апрелиндеги № 22/3 «Кыргыз Республикасында обочо туруп/аралыктан тейлөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу токтомуна;  

2) Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 31-октябрындагы № 41/12 «Банктык эсептер, банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсептер менен иш алып баруу боюнча нускоону бекитүү тууралуу» токтомуна; 

3) Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 30-июнундагы №52/4 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө» токтомуна; 

4) Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 25-сентябрындагы №35/13 «Операцияларды ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырууда кредиттик тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна. 

Токтом Улуттук банктын расмий интернет-сайтында: «www.nbkr.kg/Банк тууралуу/Банк иши тууралуу мыйзамдар/Улуттук банк Башкармасынын токтомдору» бөлүгүндө жайгаштырылган.  

Ченемдик укуктук актылар Улуттук банктын расмий интернет-сайтында: «www.nbkr.kg/Улуттук банктын ченемдик актылары/ Банктык жөнгө салуу» бөлүгүндө жайгаштырылган.