Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы  

эсептик чен өлчөмүн 4,25 пайыз деңгээлинде сактап калды 

 

Улуттук банк Башкармасы 2019-жылдын 24-июнунда эсептик чен өлчөмүн (негизги ченди) 4,25 пайыз деңгээлинде сактоо чечимин кабыл алды. Чечим 2019-жылдын 25июнунан тартып күчүнө кирет. 

Кыргыз Республикасында инфляция бир калыпта сакталууда. Июнь айында (14-июнга карата) инфляция жылдык мааниде 0,9 пайыз деңгээлинде катталган. Мындай көрсөткүч сезондук факторлордун натыйжасында жашылча-жемиштерге баалардын бир аз калыбына келишинин эсебинен түптөлгөн.  

Экономиканын алгылыктуу арымда өсүшү уланган. 2019-жылдын январь-май айлары ичинде реалдуу ИДӨ 5,6 пайызга, ал эми “Кумтөр” боюнча маалыматты эске албаганда 1,5 пайызга өскөн. Реалдуу ИДӨнүн өсүшүнө негизги салымды өнөр жай сектору кошкон. Чогуу алгандагы ички суроо-талап өлкөгө акча которуулардын агымы жана реалдуу эмгек акынын өсүшү менен колдоого алынган. 

Тышкы чөйрөнүн өнүгүшүнө баа берүүлөр, анын ичинде дүйнөлүк азык-түлүк рыногундагы баа динамикасы Улуттук банктын күтүүлөрүнүн чегинде катталууда. Инфляция боюнча болжолдоолор: 2019-жылдын акырына карата инфляция 4,0 пайыздан жогору эмес деңгээлде (2019-жылдын декабрь айы/2018-жылдын декабрь айына карата), ал эми анын орточо жылдык мааниси ички жана тышкы таасирлер жок болгон шартта 1,0 пайыз деңгээлинде күтүлүүдө

Акча-кредит саясатынын түрткү берүү чараларын колдоого алуу экономиканы кредиттөөнү андан ары кеңейтүүгө өбөлгө түзгөн, мында коммерциялык банктардын депозиттик базасынын көбөйүшү белгиленген. Банктар аралык кредит рыногу катышуучулардын жигердүүлүгүнүн сакталышы менен мүнөздөлгөн. Акча рыногунун кыска мөөнөттүү чендери менен негизги чендин ортосундагы ажырымдын кыскарышы уланган, алар боюнча динамика көбүнчө Улуттук банк тарабынан белгиленген пайыздык чектин ортосунда орун алууда. Банк тутумунда үстөк ликвиддүүлүк боюнча айрым төмөндөөлөр байкалганы менен анын деңгээли дагы деле жогору бойдон сакталууда. Ушул себептен, Улуттук банк арылтуу операцияларын жүргүзүүнү улантууда. 

Ички валюта рыногундагы жагдай салыштырмалуу туруктуу сакталууда. Чет өлкө валютасына болгон сунуштан суроо-талаптын жогору болушуна байланыштуу алмашуу курсунун кескин өзгөрүүсүнө жол бербөө максатында, Улуттук банк учурдагы жылдын май айынын акырында ички валюта рыногунда чет өлкө валютасын 27,0 млн АКШ долларында сатуу операциясын ишке ашырган.  

Чогуу алгандагы суроо-талаптын алгылыктуу динамикасы жана тышкы рынок тарабынан инфляциялык тобокелдиктердин таасирлеринин төмөн болушу эсептик чен өлчөмүн сактап калууга мүмкүндүк берген. Орто мөөнөткө каралган келечекте тышкы таасирлер жок болгон шартта инфляциянын 5-7 пайызга жакын түптөлүшү күтүлүүдө. Тышкы жана ички чөйрөдө кандайдыр бир тобокелдиктер келип чыккан шартта Улуттук банк акча-кредит саясатынын учурдагы багытын корректировкалоо мүмкүнчүлүгүн караштырышы мүмкүн. 

Улуттук банк туруктуу негизде инфляцияга тышкы жана ички факторлордун таасирине баа берип, экономикалык жагдайга жараша акча-кредит саясатынын тиешелүү чараларын кабыл алат.  

 

Маалымат үчүн: 

Улуттук банк Башкармасынын эсептик чен өлчөмү маселесин кароо боюнча кийинки отуруму 2019-жылдын 26-августуна пландаштырылды. 

 

1-график. Кыргыз Республикасында жалпы инфляция 

(%, өткөн жылдын тиешелүү айына карата ай ичинде) 

 

2-график. Кыргыз Республикасынын аймактары боюнча инфляция 

(%, өткөн жылдын тиешелүү айына карата ай ичинде) 

 

3-график. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эсептик чени 

(пайыздарда)