Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, «Банк ишин лицензиялоо жөнүндө» жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» долбоорду коомдук талкууга сунуштайт: 

Долбоор республиканын алыскы региондорунда калктын банктык кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдалануу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу, ошондой эле лицензиялоо жол-жобосунун алкагында, Улуттук банкка берилүүчү жеке маалыматтарды иштеп чыгуу менен байланышкан маселелерди жөнгө салуу максатында иштелип чыккан.  

Коммерциялык банктарынын мобилдик кеңселерин ишке ашырууну жана алардын иш тартибин жөнгө салган ченемдерди белгилөө, жеке маалыматтарды берүүчү жактардан ал маалыматтарды иштеп чыгууга жана үчүнчү жактарга берүүгө уруксат алуу долбоордун негизи милдети болуп саналат. 

Долбоор Улуттук банктын расмий интернет-сайтында «Улуттук банктын ченемдик актылары»/ «Талкууга сунушталган долбоорлор» бөлүгүндө жайгаштырылган. 

Коммерциялык банктар долбоор боюнча сунуш-пикирлерин 2019-жылдын 31-июлунан кечиктирбестен iimanhodzhaev@nbkr.kg электрондук дарегине (Word форматында) жөнөтүүсү зарыл