Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы коомдук талкууга төмөнкү долбоорлорду чыгарат:
- «Кыргыз Республикасында кепилдик фонддорду түзүү жана каттоо жөнүндө» жобонун долбоору;
- «Кепилдик фонддорунун ишин жөнгө салуунун эрежелеринин» долбоору;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү долбоору (кепилдик фонддордун ишин жөнгө салуу алкагында).
Долбоорлор 2019-жылдын 12-апрелиндеги №45 Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасындагы кепилдик фонддор жөнүндө» мыйзамы күчүнө киргендигине байланыштуу иштелип чыккан.
Долбоорлор Улуттук банктын расмий интернет-сайтында «Улуттук банктын ченемдик актылары»/«Талкууга сунушталган долбоорлор» бөлүгүндө жайгаштырылган.
Кепилдик фонддор жана башка кызыкдар болгон башка жактар долбоорлор боюнча сын-пикирлерин жана сунуштарын 2019-жылдын 12-августунан кечиктирбестен zmukashova@nbkr.kg, abeishebaev@nbkr.kg электрондук почта даректерине (Word форматында) жөнөтүүсүн өтүнөбүз.