2019-жылдын 18-июлунда Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы Т.С. Абдыгулов менен Мамлекеттер аралык банктын президенти И.Г. Суворов мырзанын жолугушуусу болуп өттү. Анын жүрүшүндө банктардын эки тараптуу кызматташуусу жана Кыргыз Республикасынын банк системасынын өнүгүүсү боюнча маселелер талкууланды.