Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий маалыматы 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 2020-жылдын 1-декабрынан тартып «Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары» сериясынын «Кыргыз күрөш» коллекциялык күмүш жана жез-никель монеталарын жүгүртүүгө чыгарат. 

«Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары» сериясынын «Кыргыз күрөш» коллекциялык монеталары улуттук спорттун түрүн жандандыруу жана даңазалоо максатында чыгарылган жана IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына арналган.  

Кыргыз күрөш кыргыз элинин улуттук спорт оюндарынын байыркы түрлөрүнүн бирине кирет, мында беттешкен эки тарап атаандашын эки кол менен курунан кармап күрөшөт.  

Эл арасында айтылган уламыштар, үлгү-насаат кептер жана тарыхый даректүү булактар аты таанылган балбандар жөнүндө көптөгөн маалыматтарды камтыйт. Ал эми күрөштүн өзү салттуу маданияттын бир бөлүгүнө айланып, азыркы учурда да өзүнүн ээлеген маанилүү ордун жоготпой келет. Курду кармап күрөшүү көчмөндөрдүн салттуу спорт оюндарынын ичинен башкы оюндардын бири. Ушул себептен «Кыргыз күрөш» Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында өткөрүлүүчү мелдештердин тизмесине киргизилген жана спорт программасынын ичинен көрүүчүлөрдүн бүйүрүн кызыткан эң эле кызыктуу оюндардын түрлөрүнүн бири болуп саналат.  

 

Монетанын сүрөттөлүшү 

 

Көрүүчүлөрдүн, боз үйлөр менен тоолордун фонунда күрөшүп жаткан балбандар монетанын алдыңкы бетинин негизги сюжетин түзөт. Монетанын жогору жагында Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын логотиби жана «Кыргыз күрөш / Kyrgyz kurosh» жазуусу түшүрүлгөн. Монетанын оң жагында номиналы (10 сом) көрсөтүлгөн. Монетанын төмөн жагында улуттук оюулар түшүрүлүп, металлдын сапат белгиси (Ag 925°) жана салмагы (31,10 g) берилген.  

Монетанын арткы бетинде күндүн сүрөттөлүшү түрүндөгү оюу-чийменин ичинде Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын программасына кирген улуттук оюндардын ар кандай түрлөрү чагылдырылган. Ал эми оюу-чийменин ортосунан күрөшүп жаткан балбандардын сүрөтүн көрүүгө болот. Монетанын оң жагында Кыргыз Республикасынын герби жайгаштырылып, монетанын чыгарылган жылы (2020) көрсөтүлгөн. Ал эми сол жагында «Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары / World nomad games» жазуусу түшүрүлгөн.  

Ар бир күмүш монета акрил капсуласына жайгаштырылып, сапатты тастыктаган сертификат менен өзүнчө кутучага таңгакталган. Ар бир жез-никель монета акрил капсуласына жайгаштырылган жана чөнөктүү таңылчактарга салынган.   

Бардык коллекциялык монеталар Кыргыз Республикасынын аймагында расмий төлөм каражаты статусуна ээ. 

Монетанын мүнөздөмөлөрү 

 

Аталышы 

Номиналы 

Металлы  

Өлчөмү (мм) 

Салмагы (г) 

Сапаты 

Нускасы (даана) 

Сатуу баасы (сом) 

«Кыргыз күрөш» 

10 сом 

Күмүш 

38,61*38,61 

31,10 

Proof 

1 000 

2 965  

1 сом  

Жез -никель 

30,00*30,00 

12,00 

Proof-like 

5 000 

620