Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы эсептик ченди  

5,0 пайыз деңгээлинде өзгөртүүсүз калтырды 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы 2021-жылдын 25-январында эсептик ченди (негизги ченди) 5,0 деңгээлинде калтыруу жөнүндө чечим кабыл алды. Бул чечим 2021-жылдын 26-январынан тартып күчүнө кирет.  

Дүйнө жүзүндө COVID-19 пандемиясынын жайылышы, товардык-чийки зат рынокторунда дүйнөлүк баалардын волатилдүүлүгү жана дүйнөлүк экономиканын бирдей эмес өнүгүүсү региондогу өлкөлөрдүн өнүгүүсүнө жана анын ичинде Кыргыз Республикасынын экономикасына да терс таасирин тийгизүүнү улантууда.  

Кыргыз Республикасындагы экономикалык жигердүүлүк төмөн деңгээлде сакталып турат. Өндүрүш көлөмүнүн кыйла төмөндөшү айыл чарбасынан тышкары экономиканын дээрлик бардык секторлорунда катталган. Кыргыз Республикасынын экономикасынын алгылыктуу туруктуу өсүш арымына жетүүсү, негизинен, өлкөдөгү эпидемиологиялык жагдайга жана соода боюнча негизги өнөктөш өлкөлөрдүн экономикасынын калыбына келүүсүнө жараша болот.  

Дүйнөлүк азык-түлүк жана чийки зат рынокторунда айрым товарларга баалар өсүүдө. Кыргыз Республикасына майларды жана кантты сунуштаган өлкөлөрдө аталган товарларга баалар туруктуу негизде өсүүдө. Бул фактор, коңшу өлкөлөрдө жергиликтүү эт продукциясына жогору суроо-талаптын сакталып турушу менен бирге өлкөдө жалпы баа деңгээлинин күндөлүк өсүшүн шарттоодо. Жылдык инфляция көрсөткүчү 2021-жылдын январь айында (15ине карата) 9,9 пайызды түзгөн. 2021-жылдын биринчи чейрегинде алкоголдук жана тамеки продукциясына акциздерди план чегинде жогорулатуу бүтүндөй жыл ичинде инфляция динамикасын жогорулаткан кошумча фактордон болот. Учурдагы экономикалык шарттарда, белгилүү бир жогорулоодон кийин жылдын орто ченинде инфляция бир аз турукташат жана жыл акырында бир маани чегинде калыптанат. 

Акча-кредиттик шарттар негизинен олуттуу өзгөрүүгө дуушар болгон жок. Акча рыногунун кыска мөөнөттүү чендери Улуттук банктын эсептик ченине жакындашкан жана белгиленген пайыздык чен чегинде өзгөрүп турууда. Акча рыногунун катышуучуларынын жигердүүлүгү биринчи кезекте, ачык рынокто операциялар боюнча кыска сегментте жогорулаган. 

Экономиканы кредиттөө жана банктардын депозит базасынын артышынан улам өсүшү сакталып турат. Кредиттер боюнча чендер төмөндөө тенденциясына ээ: 2020-жылдын январь-ноябрь айларында улуттук валютада кредиттер боюнча орточо салмактанып алынган чен 1,3 пайыздык пунктка 16,2 пайызга чейин, чет өлкө валютасында кредиттер боюнча 0,4 пайыздык пунктка 9,3 пайызга чейин төмөндөгөн. Мында, мөөнөтү өткөрүлгөн кредиттердин жана мөөнөтү узартылган кредиттердин үлүшү кредит портфелине салыштырмалуу бир аз көбөйгөндүгү белгиленген (2020-жылдын ноябрь айынын жыйынтыгы боюнча тиешелүүлүгүнө жараша 2,6 пайызды (жыл башынан тартып +0,8 пайыздык пункт) жана 14,1 пайызды (жыл башынан тартып +11,5 пайыздык пункт) түзгөн).  

Экономиканын долларлашуу деңгээли анча жогору эмес деңгээлде сакталып турат: 2020-жылдын акырына карата депозиттердин долларлашуусу* жыл ичинде 4,7 пайыздык пунктка жогорулап, 42,9 пайызды түзгөн, ал эми кредиттердин долларлашуусу*, тескерисинче, 2,2 пайыздык пунктка, 32,9 пайызга чейин төмөндөгөн.  

Товардык-чийки зат рынокторундагы волатилдүүлүк, COVID-19 пандемиясынан улам бир катар өлкөлөрдө чектөөлөрдүн сакталып турушу жана ушундан улам глобалдуу экономиканын жай арымда өсүшү дүйнөлүк финансы рынокторундагы волатилдүүлүктү шарттоодо. 2020-жыл ичинде ички валюта рыногунда чет өлкө валютасына суроо-талап аны сунуштоо деңгээлинен жогору болгондугу белгиленген, бул Улуттук банктын алмашуу курсунун кескин өзгөрүүсүн текшилөө максатында валюталык интервенцияларды жүргүзүүсүн шарттаган. 2020-жылы чет өлкө валютасын сатуу боюнча валюталык интервенциялардын көлөмү 518,5 млн АКШ долларын түзгөн. Эл аралык камдар жетиштүү деңгээлде 2,8 млрд АКШ доллары өлчөмүндө катталган жана ал келечекте товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр импортунун болжолу менен 6 айынын ордун жабат.  

Жеке адамдардын өлкөгө акча которууларынын агымынын алгылыктуу тенденциясы байкалууда. 2020-жылдын январь-ноябрь айларынын жыйынтыгы боюнча акча которуулардын таза агымы 2019-жылдын тиешелүү көрсөткүчүнө салыштырганда 1,2 пайызга жогорулап, 1,7 млрд АКШ долларын түзгөн.  

Тышкы чөйрөнүн өнүгүү өбөлгөлөрүн жана түптөлүп жаткан ички экономикалык шарттарды эске алуу менен Улуттук банк эсептик чен өлчөмүн 5,0 пайыз деңгээлинде калтыруу чечимин кабыл алды. Кандайдыр бир тобокелдиктер келип чыккан учурда Улуттук банк учурдагы акча-кредит саясатына корректировкаларды киргизүү мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарбайт. 

Улуттук банк туруктуу негизде тышкы жана ички факторлордун инфляцияга тийгизген таасирине баа берип турат жана экономикалык жагдайга жараша акча-кредит саясатынын тиешелүү чараларын көрөт. 

 

Маалымат үчүн: 

 

Улуттук банк Башкармасынын эсептик чен өлчөмү боюнча кийинки отуруму 2021-жылдын 22-февралында өтөт. 

 

1-график. Кыргыз Республикасында жалпы инфляция 

(%, өткөн жылдын тиешелүү айына карата ай) 

 

 

2-график. Кыргыз Республикасында региондор боюнча инфляция 

(%, өткөн жылдын тиешелүү айына карата ай) 

 

 

3-график. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эсептик чени 

(пайыздар) 

 

 

* Алдын ала маалыматтар