Улуттук банктын төрагасы Т.С. Абдыгулов 2021-жылдын 5-11-апрелинде видеоконференция форматында өткөн Дүйнөлүк банк менен Эл аралык валюта фондунун Башкаруучулар тобунун жазгы кеңешмесине катышты. 

Иш-чаранын алкагында бир катар онлайн-жолугушуулар болду, анда макроэкономикалык саясат, финансылык туруктуулукту сактоо маселелери, пандемиянын экономикага тийгизген кесепеттери менен күрөшүү боюнча чаралар, ошондой эле Кавказ жана Борбордук Азия чөлкөмүндө экономикалык өнүгүүнү калыбына келтирүү маселелери талкууланды.