Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» долбоордун жөнгө салуучу таасирине талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү, ошондой эле кызыкдар тараптардын сунуштарын топтоо тууралуу билдирет.  

Долбоор Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын турак жай-сактык кредиттик компаниялардын, микрокредиттик компаниялардын жана микрокредиттик агенттиктердин, кепилдик фонддордун жана алмашуу бюролордун ишин лицензиялоого жана жөнгө салууга тиешелүү талаптарын өркүндөтүүгө, анын ичинде ченемдик укуктук актыларды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келтирүүгө багытталган. 

 

1. Проблемалар жана негиздер  

Сунушталып жаткан жөнгө салуу Улуттук банк тарабынан көзөмөлгө алынган субъектилер үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө жана төмөнкүлөр аркылуу алардын ишине карата белгиленген талаптарды өркүндөтүүгө багытталган: 

- нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна лицензия алууда жана алмашуу бюросун каттоону макулдашууда, документтердин тизмесинен айрым тастыктоочу документтерди алып салуу; 

- нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна лицензияны колдонуу мөөнөтүн узартуу; 

- микрокредиттик компанияларга жана микрокредиттик агенттиктерге филиалдарын ачуусуз түзүмдүк бөлүмдөрдү ачуу мүмкүнчүлүгүн берүү

Мындан тышкары, ченемдик укуктук актынын долбоорунда Улуттук банктын талаптарын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келтирүү каралган. 

 

2. Сунушталып жаткан жөнгө салуунун максаты Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча жол-жобо чараларын жөнөкөйлөтүү, анын ичинде нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна лицензия алуу жана алмашуу бюросун каттоону макулдашуу талаптарын өркүндөтүү

 

3. Сунушталып жаткан жөнгө салуудан күтүлүп жаткан пайдага жана артыкчылыктарга баа берүү

- нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна лицензияны колдонуу мөөнөтү узартылат; 

- микрокредиттик компаниялардын жана микрокредиттик агенттиктердин ишинин натыйжалуулугу жогорулатылат жана алардын ишинде операциялык чыгымдар азайтылат; 

- кепилдик фонддордун ишиндеги тобокелдиктер азаят; 

- ченемдик укуктук актылардын талаптары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келтирилет. 

 

4. Келип чыгышы мүмкүн болгон алгылыксыз натыйжаларга баа берүү 

Бул ченемдик укуктук актынын кабыл алынышы терс кесепеттерге алып келбейт, анткени ал көзөмөлгө алынган субъектилердин ишин чектебейт. 

  

5. Жөнгө салуу сунушталып жаткан ишкер субъектилерадресаттар боюнча мүнөздөмө жана санына баа берүү 

Сунушталып жаткан жөнгө салуу кепилдик фонддорунун, микрокредиттик компаниялардын жана микрокредиттик агенттиктердин, турак жай-сактык кредиттик компаниялардын жана алмашуу бюролорунун ишине тиешелүү.  

 

6. Сунушталып жаткан жөнгө салууну колдонууга киргизүүдөн улам потенциалдуу адресаттардын кошумча чыгашаларын жана пайдаларын болжолдуу баалоо 

Сунушталып жаткан жөнгө салуу субъектилери сарптоолорго дуушар болбойт.  

 

7. Сунушталып жаткан жөнгө салууну колдонууга киргизүүгө байланыштуу Кыргыз Республикасынын бюджетинен чыгашаларды жана пайданы болжолдуу баалоо 

Долбоор Кыргыз Республикасынын бюджетинен кошумча чыгашаларды талап кылбайт. Мамлекеттик органдардын сарптоолору мамлекеттик органдын ишин жүзөгө ашырууга бөлүнгөн бюджеттик каражаттардан ашпайт. 

 

Ачык консультация берүүлөрдүн катышуучулары үчүн суроолор тизмеги: 

- көрсөтүлгөн проблемалар жөнгө салууну өзгөртүү аркылуу чечүүнү талап кылабы; 

- көрсөтүлгөн максат ага жетүү үчүн негиздүү, маанилүү болуп саналабы; 

- сунушталып жаткан жөнгө салуу проблемаларды чечүү үчүн кыйла артыкчылыктуу ыкма болуп саналабы; 

- сунушталып жаткан жөнгө салуу варианты кабыл алынган учурда кандай пайда жана артыкчылыктар келип чыгышы мүмкүн; 

- сунушталып жаткан жөнгө салуу варианты кабыл алынган учурда кандай тобокелдиктер жана терс натыйжалар орун алышы ыктымал; 

- проблемаларды чечүүнүн альтернативдүү, кыйла натыйжалуу ыкмалары барбы; 

- сунушталып жаткан жөнгө салуу боюнча сиздин жалпы пикириңиз.  

  

Байланышуу үчүн маалымат жана сунуштарды талкуулоо үчүн мөөнөттөр: 

1. Сунуштарды кабыл алуу:  

   

- электрондук почта аркылуу  

amuratov@nbkr.kg 

  

- почта дареги аркылуу  

720001,  

Кыргыз Республикасы, 

Бишкек ш., Чүй пр., 168  

2. Сунуштарды кабыл алуу мөөнөтү  

2021-жылдын  

27-апрелинен кечиктирбестен  

3. Сунуштар жана жооптор реестрин Улуттук банктын расмий интернет-сайтына жайгаштыруу мөөнөтү

2021-жылдын 4-майынан кечиктирбестен