Ченемдик укуктук актынын долбоорун иштеп чыгуу жөнүндө 

БИЛДИРҮҮ 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы микрофинансы компаниянын банкка кошулууга мүмкүнчүлүк берген ченемдерин белгилөө, көчмө кассалардагы нак акча каражаттарынын калдыктарынын белгиленген лимиттерин кайра карап чыгуу, ошондой эле айрым документтерди тапшыруу, анын ичинде ислам банк иши жана каржылоо принциптеринин алкагында уруксат алуу/лицензиялоо маселелери боюнча талаптарды алып салуу жагында “Банк ишин лицензиялоо жөнүндө” жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү маселелери боюнча ченемдик укуктук актынын долбоорунун жөнгө салуучу таасирине талдап-иликтөө жүргүзүү, ошондой эле бул маселеге кызыкдар тараптардын сунуштарын топтоо тууралуу билдирет. 

Долбоор коммерциялык банктардын банк ишин лицензиялоо маселелери боюнча ишин жөнгө салууга багытталган.  

  

1. Проблемалар жана негиздер  

Сунушталган жөнгө салуу төмөнкүлөргө багытталган: 

- Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын өркүндөтүүгө

- микрофинансы компанияларын кошуу түрүндө банктарды кайра өзгөртүп түзүү үчүн шарт түзүүгө

- көчмө кассаларына акча каражаттарынын калдыктарынын суммасы боюнча белгиленген лимиттерди кайра карап чыгууга; 

- кызмат адамдарын макулдашууда жана ислам терезесинин алкагында операциялардын тизмегин кеңейтүүдө айрым документтерди тапшыруу боюнча талапты алып салууга. 

  

2. Сунушталып жаткан жөнгө салуунун максаты банк тутумунун туруктуулугун жогорулатуу, коммерциялык банктар жана алардын кызмат адамдары тарабынан айрым документтерди тапшыруу боюнча талаптарды жеңилдетүү, көчмө кассаларынын толук кандуу иштөөсүнө шарт түзүү

  

3. Сунушталып жаткан жөнгө салуудан күтүлүп жаткан пайдага жана артыкчылыктарга баа берүү

- банктардын микрофинансы компанияларын кошуу мүмкүнчүлүгү пайда болот; 

- көчмө кассаларынын акча каражаттарынын калдыктарынын көбөйүүсү банктардын инкассациялоо боюнча чыгымдарын азайтат; 

- Улуттук банк башка мамлекеттик органдарынан ала турган айрым документтерди коммерциялык банктар жана алардын кызмат адамдары тарабынан тапшыруу талабы жеңилдетилет; 

- «ислам терезесин» ачуу, ошондой эле ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык кошумча бүтүмдөрдү/операцияларды жүргүзүүгө уруксат алууда документтерди берүү боюнча айрым талаптар алып салынат; 

- эски жана иштебеген нормалар алып салынат. 

  

4. Келип чыгышы мүмкүн болгон алгылыксыз натыйжаларга баа берүү:  

акча каражаттардын калдыктарынын суммасы көбөйтүлгөнүнө байланыштуу көчмө кассаларынын коопсуздук тобокелдиктери жогорулашы мүмкүн; 

 

5. Сунушталган жөнгө салуунун ишкердик субъектилеринин адресаттардын мүнөздөмөсү жана алардын санына баа берүү - сунушталган жөнгө салуу коммерциялык банктардын ишине тийиштүү

6. Сунушталып жаткан жөнгө салууну колдонууга киргизүүдөн улам потенциалдуу адресаттардын кошумча чыгашаларын жана пайдаларын болжолдуу баалоо 

Коммерциялык банктар үчүн кошумча чыгымдар күтүлбөйт. Коммерциялык банктар үчүн пайда деп айрым документтерди берүү талабынын жеңилдетилишин, көчмө кассаларынын акча каражаттарынын калдыктары боюнча лимитинин көбөйүшүн эсептесе болот, ал операциялардын көлөмүн кеңейтүүгө өбөлгө түзөт.  

 

 

7. Сунушталып жаткан жөнгө салууну киргизүүгө байланыштуу Кыргыз Республикасынын бюджетинин чыгашаларын жана пайдаларын болжолдуу баалоо 

Долбоор Кыргыз Республикасынын бюджетинен кошумча чыгашаларды талап кылбайт.   

 

Коомдук консультациялардын катышуучулары үчүн суроолор тизмеги:  

- жөнгө салууну өзгөртүү аркылуу чечүүнү талап кылган, көрсөтүлгөн проблемалар туура болуп саналабы; 

- көрсөтүлгөн максат ага жетүү үчүн негиздүү, маанилүү болуп саналабы; 

- сунушталып жаткан жөнгө салуу проблемаларды чечүү үчүн кыйла артыкчылыктуу ыкма болуп саналабы; 

- сунушталып жаткан жөнгө салуу варианты кабыл алынган учурда кандай пайда жана артыкчылыктар келип чыгышы мүмкүн; 

- сунушталып жаткан жөнгө салуу варианты кабыл алынган учурда кандай тобокелдиктер жана терс натыйжалар орун алышы ыктымал; 

- проблемаларды чечүүнүн альтернативдүү, кыйла натыйжалуу ыкмалары барбы; 

- сунушталып жаткан жөнгө салуу боюнча сиздин жалпы пикириңиз.  

  

Байланышуу үчүн маалымат жана сунуштарды талкуулоо үчүн мөөнөттөр  

1.  Сунуштарды кабыл алуу:   

   

- электрондук почта аркылуу  

eusuvalieva@nbkr.kg  

emukenov@nbkr.kg    

- почта дареги  

720001, Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Чүй пр., 168   

2. Сунуштарды кабыл алуу мөөнөтү  

2021-жылдын 21-майынан кечиктирбестен  

3. Сунуштар жана жооптор реестрин Улуттук банктын расмий сайтына жайгаштыруу мөөнөтү   

2021-жылдын 31-майынан кечиктирбестен