Кумтөр ишканасы тарабынан казылып алынган алтынды сатып алуу боюнча жалпыга маалымдоо каражаттарынан түшүп жаткан суроо-талаптарга ылайык Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы төмөнкүлөрдү билдирет. 

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жана Министрлер кабинети Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлүп чыгарылган алтынды сатып алуу боюнча артыкчылык укугуна ээ. 

Алтын валюта резервинин көлөмүн толуктоо саясатынын алкагында, Улуттук банк жергиликтүү алтын өндүрүүчү ишканалар тарабынан сунушталган алтынды улуттук валютага гана туруктуу негизде сатып алып турат.  

Бул операциялар «Кыргызалтын» ачык акционердик коому менен Улуттук банктын ортосунда түзүлгөн башкы макулдашуунун чегинде гана жүргүзүлөт. 

«Кыргызалтын» ачык акционердик коому белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн алтындын кезектеги партиясын сатып алуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу сунушу менен Улуттук банкка кайрылган. 

Азыркы учурда аталган сунуш белгиленген тартипте каралып жатат.