Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбоорун коомдук талкууга чыгарат.  

Улуттук банктын ислам каржылоо принциптери боюнча ченемдик укуктук актыларын салттуу банктар үчүн белгиленген ченемдик укуктук актыларга шайкеш келтирүү токтом долбоорунун максаты болуп саналат.  

Долбоор Улуттук банктын расмий интернет-сайтында «Улуттук банктын ченемдик актылары» / «Талкууга сунушталган долбоорлор» бөлүгүндө жайгаштырылган.  

Коммерциялык банктар долбоор боюнча сын-пикирлерин жана сунуштарын 2021-жылдын 20-июлунан кечиктирбестен kdjakypova@nbkr.kg электрондук почтасына (Word форматында) жөнөтүүсү зарыл.