Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 2022-жылдын 1-августунда «Кыргыз Инвестициялык Кредит Банкы» жабык акционердик коому (мындан ары Банк) «Биринчи МикроФинансылык Компания» жабык акционердик коомунун Банкка кошулуу формасында кайра өзгөртүлүп түзүлүү процессин жыйынтыктаганын маалымдайт. Ушуга байланыштуу 2022-жылдын 1-августунда «Биринчи МикроФинансылык Компания» жабык акционердик коому Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында өз ишин токтотуу жөнүндө мамлекеттик каттоодон өттү