Баткен жана Ош областтарындагы куралдуу кагылышууда жабыркаган карыз алуучуларга көмөк көрсөтүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар 

2022-жылдын сентябрь айында Баткен жана Ош областтарында болгон куралдуу кагылышуудан жабыр тарткан коммерциялык банктардын, банктык эмес жана адистештирилген финансы-кредиттик уюмдардын кардарларына колдоо көрсөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 2022-жылдын 6-октябрында чыгарылган (№ 2022-П-12/62-2 (НПА) Баткен жана Ош областтарындагы куралдуу кагылыштан жапа чеккен коммерциялык банктардын, банктык эмес жана адистештирилген финансы-кредиттик уюмдардын (мындан ары ФКО) кардарларына колдоо көрсөтүү жөнүндө токтомдун аткарылышына мониторинг жүргүзүүдө.  

2022-жылдын 01-декабрына карата, ФКУдан алынган маалыматтар боюнча 474 карыз алуучу кайрылган. Алардын ичинен 19 974 миң сом суммасында 298 кредит жоюлган. Ошондой эле, 38 430 миң сом суммасында 170 кредит реструктуризацияланган.  

Азыркы тапта, ФКУлар жабыркаган карыз алуучулардан түшкөн бардык арыздарды карап жатат жана банк мыйзамдарына ылайык тиешелүү чараларды көрүшөт.