2023-жылдын 7-июнунда Кыргыз Республикасынын Президентинин «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы Кубанычбек Бөкөнтаев Катар Мамлекетинин эмири Шейх Тамим бин Хамад Аль Танинин Кыргыз Республикасына жасаган мамлекеттик сапарынын алкагында расмий иш-чарага катышты. 

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров менен Катар Мамлекетинин эмири шейх Тамим бин Хамад Аль Танинин расмий жолугушуусунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы К. Бөкөнтаев жана Катардын Тышкы иштер боюнча мамлекеттик министри Султан бин Саад Аль-Мурайхи Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен Катардын Борбордук банкынын ортосунда борбордук банк иши чөйрөсүнө кызматташуу маселелери боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюшту.