Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбоорун коомдук талкууга сунуштайт. Бул токтом долбоору Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын Кыргыз Республикасынын мыйзамына (2025-жылдын 28-апрелиндеги № 84 «Банктык кызматтарды көрсөтүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө») ылайык келтирүү максатында иштелип чыккан. 

Токтом долбоору Улуттук банктын расмий интернет-сайтында «Улуттук банктын ченемдик актылары»/«Талкууга сунушталган долбоорлор» бөлүгүндө жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталында (koomtalkuu.gov.kg) жайгаштырылган.  

Сектор токтом долбоору боюнча өз сын-пикирлерин жана сунуштарын 2025-жылдын  7-июнундан кечиктирбестен momuraliev@nbkr.kg электрондук дарегине (Word форматында) жөнөтүүсү зарыл.