Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан 2025-жылдын 3-июнунда «ЭкоИсламикБанк» ЖАК ислам банкына өзгөртүлгөндүгүнө байланыштуу 2017-жылдын 22-июнундагы №040 лицензиясынын ордуна ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык улуттук жана чет өлкө валюталарында банктык операцияларды жүргүзүү укугуна №01-ИБ лицензия берилди.
Мурда «ЭкоИсламикБанк» ЖАК Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 12-июлундагы № 373 Жарлыгы менен ратификацияланган 2006-жылдын 16-майындагы «Кыргыз Республикасы, Ислам өнүктүрүү банкы жана «Экобанк» ортосунда Кыргыз Республикасында ислам банк ишин жана каржылоону колдонууга киргизүү боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө» меморандумга ылайык ислам каржылоо принциптерин колдонууга киргизүү боюнча пилоттук долбоорду ишке ашыруунун алкагында өз ишин жүзөгө ашырып келген (Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2006-жылдын 18-декабрындагы № 41/1 токтому).







