2025-жылдын 16-июлунда Ысык-Көл областынын Чолпон-Ата шаарында Евразия экономикалык бирлигине (мындан ары - ЕАЭБ) мүчө мамлекеттердин борбордук (улуттук) банктарынын Валюта саясаты боюнча консультациялык кеңешинин 28-отуруму болуп өттү

Отурумга ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин: Армян Республикасынын, Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Кыргыз Республикасынын, Россия Федерациясынын борбордук (улуттук) банктарынын жетекчиликтери, ошондой эле Өзбекстан Республикасынын Борбордук банкынын жана Казакстан Республикасынын Финансы рыногун жөнгө салуу жана өнүктүрүү агенттигинин жетекчиликтери катышты.  

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы Мелис Тургунбаев өз сөзүндө региондо бир өлкөдө орун алган инфляциялык процесстер менен экономиканын өсүш арымы башка өлкөлөрдүн экономикасынын келечегине түздөн-түз таасирин тийгизип жаткандыгына токтолуп, региондогу өлкөлөрдүн экономикаларынын өз ара байланышын баса белгиледи.  

«Бул ЕАЭБ алкагында макроэкономикалык саясатка тиешелүү актуалдуу маселелерди талкуулоо үчүн маанилүү аянтча катары Валюта саясаты боюнча консультациялык кеңештин аткарган негизги ролун айкындап турат», деп белгиледи Мелис Тургунбаев.  

Отурумдун жүрүшүндө катышуучулар учурдагы макроэкономикалык жагдайды, ЕАЭБге мүчө мамлекеттерде жүргүзүлүп жаткан акча-кредит саясатын талкуулашты. Өзгөчө көңүл банк системасынын туруктуулугун жогорулатууга багытталган методологияны иштеп чыгуу жана аны колдонуу практикасына бурулду. 

Мындан тышкары, борбордук (улуттук) банктардын ишиндеги бир катар актуалдуу багыттар, анын ичинде ESG (экологиялык, социалдык жана корпоративдик башкаруу) маселелери боюнча ыкмалар, ошондой эле биргелешкен киберокутууларды өткөрүү боюнча өз ара пикир алмашуу болду.  

Иш-чаранын жыйынтыгы боюнча катышуучулар ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин борбордук (улуттук) банктарынын Валюта саясаты боюнча консультациялык кеңешинин 28-отурумунун протоколуна кол коюшту.