Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алуусуз Ош областынын Араван районунун аймагында нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзгөндүгү үчүн Улуттук банктын Ош областтык башкармалыгы тарабынан Кыргыз Республикасынын төрт жаранынын ар бирине 17500 сом өлчөмүндө айып пул салынды.







