Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн төмөнкү алмашуу бюролорунун лицензияларынын аракети 2025-жылдын 17-июлунан тартып 26-июлун кошо алгандагы мезгил аралыгына токтотулду:
- Бишкек шаары, Абдрахманов көчөсү, 129 дареги боюнча жайгашкан «Кэш поинт» алмашуу бюросу ЖЧКнын 2024-жылдын 29-октябрындагы № 6974 лицензиясы;
- Бишкек шаары, Абдрахманов көчөсү, 105, №1 жер төлө бөлмөсү дареги боюнча жайгашкан «Надыр Групп» алмашуу бюросу ЖЧКнын 2024-жылдын 10-октябындагы № 6960 лицензиясы;
- Бишкек шаары, Тыныстанов көчөсү, 173-үй, 21-батир дареги боюнча жайгашкан «ТАЙБУУЛА» алмашуу бюросу ЖЧКнын 2024-жылдын 24-декабрындагы № 7007 лицензиясы;
- Бишкек шаары, Дэн Сяопин проспекти, 10-үй, 15-батир, 1-бөлмө дареги боюнча жайгашкан «Форекс Кей Джи» алмашуу бюросу ЖЧКнын 2024-жылдын 19-сентябрындагы № 6936 лицензиясы;
- Чүй областы, Кожомкул айылы, Фрунзе көчөсү, 13 Б, МИ Бишкек автобекети, 2-павильон дареги боюнча жайгашкан «Ю.М.Т» алмашуу бюросу ЖЧКнын 2023-жылдын 3-ноябрындагы № 6219 лицензиясы.







