Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы 2025-жылдын 30-июлунда № 2025-П-12/38-3-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына сооданы каржылоо маселелери боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө » токтомун кабыл алды (мындан ары – токтом).
Токтом экспорттоочулар жана импорттоочулардын кредиттөөсүнө түрткү берүү жана экономикалык өсүштү колдоо үчүн соода каржылоонун тобокелдиги төмөн операциялары боюнча коммерциялык банктардын капиталына болгон жөнгө салуучу жүгүн төмөндөтүү максатында кабыл алынды.
Токтом Улуттук банктын расмий интернет-сайтында: www.nbkr.kg/Банк тууралуу/Банк иши тууралуу мыйзамдар/Улуттук банк Башкармасынын токтомдору бөлүгүндө жайгаштырылган.
Ченемдик укуктук акт Улуттук банктын расмий интернет-сайтында: www.nbkr.kg/ Улуттук банктын ченемдик актылары/ Банктык жөнгө салуу бөлүгүндө жайгаштырылат.







