1. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн:  

- Бишкек шаары Бөкөнбаев көчөсү, 76-үй, 2-батир дареги боюнча жайгашкан «Кейджи 098» ЖЧК алмашуу бюросунун 2022-жылдын 16-августундагы № 6341 лицензиясынын аракети 2025-жылдын 8-ноябрынан тартып 22-ноябрын кошо алгандагы мезгил аралыгына;  

- Бишкек шаары Бөкөнбаев көчөсү, 76-үй, 2-батир, 2-кеңсе дареги боюнча жайгашкан «Дос Про» ЖЧК алмашуу бюросунун 2025-жылдын 24-январындагы № 7026 лицензиясынын аракети 2025-жылдын 8-ноябрынан тартып 17-ноябрын кошо алгандагы мезгил аралыгына;  

- Бишкек шаары Чокморов көч., 154-үй, 1-кабат, 102-кабинет дареги боюнча жайгашкан «Финнам Про» ЖЧК алмашуу бюросунун 2024-жылдын 14-февралындагы № 6712 лицензиясынын аракети 2025-жылдын 8-ноябрынан тартып 22-ноябрын кошо алгандагы мезгил аралыгына токтотулду. 

2. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Бишкек шаарындагы бир алмашуу бюросуна 55 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды.