Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы ЕККУнун Бишкек шаарындагы Программалык кеңсеси менен биргеликте 2025-жылдын 5-6-ноябрында Ысык-Көл областынын Каракол шаарындагы К.Тыныстанов атындагы ИМУнун колледжинин, И.К. Ахунбаев атындагы медициналык колледждин, И.Бийбосунов атындагы Каракол педагогикалык колледжинин жана Ы.Туманов атындагы Каракол мамлекеттик музыкалык окуу жайынын студенттери үчүн финансылык сабаттуулуктун негиздери боюнча төрт семинар өткөрдү.
Иш-чараларга 100дөн ашык студент, ошондой эле колледждердин директорлору жана окутуучулары катышты.
Семинардын жүрүшүндө катышуучулар финансылык сабаттуулуктун негиздерин интерактивдүү форматта үйрөнүштү, топтордо иштешти, талууларга катышып, өздөрүн кызыктырган суроолорго жооп алышты.
Колледждердин жетекчилиги, окутуучулары жана студенттери алынган билимдин тажрыйбалык маанисин жогору баалашып, уюштуруучуларга ыраазычылык билдиришти.
Иш-чаранын аягында бардык катышуучуларга сертификаттар тапшырылды.
Бул семинарлар ушул жылга пландаштырылган аймактык иш-чаралар боюнча семинарлардын экинчи этабынын акыркы бөлүгү болуп калды.







