Улуттук банктын төрагасы Мелис Тургунбаев Gulf News
эл аралык басылмасына интервью берди
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы Мелис Тургунбаев Gulf News эл аралык басылмасына берген интервьюсунда жөнгө салуучунун негизги иш багытына байланыштуу актуалдуу суроолорго кеңири жооп берди.
Мелис Тургунбаев Улуттук банктын өлкөдө баа туруктуулугун камсыз кылуу, Кыргыз Республикасында инфляцияга тышкы тобокелдиктердин таасирин минималдаштыруу, банк жана төлөм системаларынын туруктуулугун камсыз кылуу чаралары, финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү санариптештирүү жана бул чөйрөдөгү негизги жетишкендиктер тууралуу айтып берди.
Маалымат үчүн: Gulf News Бириккен Араб Эмираттарындагы англис тилиндеги эң ири күнүмдүк ишкер басылмалардын бири. Бул эл аралык басылма саясий, экономикалык, маданий жана эл аралык окуяларды чагылдырат жана Перс булуңундагы жана Азия өлкөлөрүнө жайылтылат.







