Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларын «Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2025-жылдын 31-октябрында № 2025П14/59-1(ПС) «Кыргыз Республикасынын төлөм уюмдарында/төлөм системаларынын операторлорунда ички жана тышкы алдамчылыкка (антифрод) каршы аракеттенүү системасына карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтом кабыл алынган. 

Токтом Кыргыз Республикасынын төлөм уюмдарында/төлөм системаларынын операторлорунда ички жана тышкы алдамчылыкка каршы аракеттенүү боюнча чараларды күчөтүүгө багытталган. 

Токтомдун электрондук версиясы Улуттук банктын www.nbkr.kg расмий интернет-сайтында Банк тууралуу/Банк иши тууралуу мыйзамдар/Улуттук банк Башкармасынын токтомдору бөлүгүндө жайгаштырылган.