Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы 2025-жылдын 29-декабрында № 2025-П-12/71-3-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтомун кабыл алды, бул токтом төмөнкү бөлүктөргө өзгөртүүлөрдү киргизүү максатында кабыл алынды: 

- микрофинансылык уюмдардын ишин, анын ичинде ислам каржылоо принциптери боюнча операцияларды жүзөгө ашырган микрофинансылык уюмдардын ишин (мындан ары МФУ) жөнгө салуу эрежелерине; 

- МФУнун мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчетунун формаларына; 

- кепилдик фонддордун ишин жөнгө салуу эрежелерине.  

Токтомдун электрондук версиясы Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтында: www.nbkr.kg/ Банк тууралуу/ Банк иши тууралуу мыйзамдар/ Улуттук банк Башкармасынын токтомдору бөлүгүндө жайгаштырылган.