Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы 2025-жылдын  

26-декабрында № 2025-П-12/70-5-(НФКУ) «Банктын финансылык абалын чыңдоо планына карата талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу токтом (мындан ары  токтом) кабыл алды. 

Токтом банктардын финансылык туруктуулугун жогорулатууга жана аманатчылардын жана кредиторлордун кызыкчылыктарын коргоого багытталган, банктардын финансылык чыңдоо пландарынын мазмунуна, аларды иштеп чыгуу жана берүү тартибине карата бирдиктүү талаптарды белгилөө максатында кабыл алынган. 

Токтом Улуттук банктын расмий интернет-сайтында: www.nbkr.kg/Банк тууралуу/Банк иши тууралуу мыйзамдар/Улуттук банк Башкармасынын токтомдору бөлүгүндө жайгаштырылган.  

Ченемдик укуктук акт Улуттук банктын расмий интернет-сайтында: www.nbkr.kg/ Улуттук банктын ченемдик актылары/Банктык жөнгө салуу/ XI. Таасир этүү чаралары бөлүгүндө жайгаштырылат.