Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы Улуу Британиянын Лондон шаарына иш сапары менен барды
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы Мелис Тургунбаев 2026-жылдын 25-26-февралында Улуу Британиянын Лондон шаарына болгон иш сапарынын алкагында кыргыз-британ ишкердик кеңешинин 4-жыйынына катышты, ошондой эле алдыңкы эл аралык финансы институттарынын өкүлдөрү менен бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү.
Кыргыз-британ ишкердик кеңеши эки өлкөнүн мамлекеттик органдарынын жана ишкердик чөйрөлөрүнүн өкүлдөрүн бириктирген, эки тараптуу финансы-экономикалык диалогду өнүктүрүүдөгү маанилүү аянтча болуп эсептелет. Дүйнөнүн алдыңкы финансы борборлорунун бири катары Лондон кыргыз финансы секторунун эл аралык капитал рынокторундагы позициясын бекемдөөдө маанилүү роль ойнойт. Жыйындын жүрүшүндө М.Тургунбаев кыргыз-британ кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин жана финансы чөйрөсүндө мындан ары да өз ара иш алып баруу келечегин талкуулоого жигердүү катышты.
Мындан тышкары, иш сапары учурунда М. Тургунбаев Bank of China (UK) Limitedтин башкы аткаруучу директору ФАН Вэньцзян мырза менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Тараптар учурдагы өз ара иш алып баруу маселелерин жана өнөктөштүктү мындан ары
да өркүндөтүүнүн жолдорун талкуулашты. Bank of China дүйнөдөгү ири финансы институттарынын бири болуп саналат жана системалык мааниге ээ банктардын катарына кирет.
Ошондой эле дүйнөнүн эң ири эки инвестициялык банкы — Morgan Stanley жана JP Morganдын Лондондогу офистеринин жетекчилери менен да сүйлөшүүлөр болуп өттү. Жолугушуулардын жыйынтыгында эки тараптуу кызматташтыкты кеңейтүү келечеги тууралуу макулдашууларга жетишилди.







