Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Бишкек шаарындагы эки алмашуу бюросунун ар бирине 55 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды. 

Ошону менен бирге, Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясы жок накталай чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзгөндүгү үчүн Кыргыз Республикасынын бир жаранына (К.К.Т.) 17 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды.