2026-жылдын 30-мартынан тартып 3-апрелине чейин Улуттук банктын Жалал-Абад областтык башкармалыгынын кызматкерлери финансылык сабаттуулук боюнча «Глобалдык акча жумалыгы–2026» кампаниясынын алкагында Жалал-Абад областынын Манас шаарындагы жогорку окуу жайларынын студенттери жана мектеп окуучулары үчүн «Финансылык сабаттуулук» темасында лекцияларды өткөрүштү.
Иш-чаранын жүрүшүндө Улуттук банктын өкүлдөрү акчага жоопкерчиликтүү мамиле кылуу керектигин айтышып, алдамчылык схемалары боюнча мисалдарды карашып, «Дропперлик» маселелерин талкуулашты.







