Улуттук банктын төрагасы Алмаз Бакетаев «Кыргызалтын» ААКтын иши жана стратегиялык пландары менен таанышты.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы Алмаз Бакетаев Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиевдин "Кыргызалтын" ачык акционердик коомуна болгон иш сапарына катышты.
Иш сапардын жүрүшүндө жетекчиликке тармакты модернизациялоого жана мамлекеттик кирешелерди көбөйтүүгө багытталган 1 миллиард АКШ долларынан ашык суммада ишкананын инвестициялык долбоорлору көрсөтүлдү. Мында өлчөнгөн куймаларды чыгаруучу заводдун ишине өзгөчө көңүл бурулган: Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы боюнча 2024-жылдын август айында ишке киргизилген долбоор бир жылга жетпеген убакытта 320 миллион сомдук инвестицияны толугу менен актаган.
Делегация ишкананын негизги объектилеринде: аффинаж заводунда жана лабораторияда болду, анда катышуучулар дүйнөлүк стандарттарга жооп берген алтын гранулдарын жана өлчөнгөн куймаларды өндүрүүнүн толук цикли менен, ошондой эле компаниянын өлчөнгөн куймаларды сатуу боюнча фирмалык дүкөнү менен таанышты.
"Кыргызалтын" ААК башкармасынын төрагасы Кубат Абдраимов дүкөндүн жылдык кирешеси 855 миллион сомдон ашканын, бул калктын инвестициялык курал катары алтынга суроо-талабынын жогору экендигин тастыктай тургандыгын билдирди.
Улуттук банктын төрагасынын бул иш сапарга катышуусу өлкөнүн эл аралык резервдерин натыйжалуу тескөө үчүн жөнгө салуучунун алтын казуу сектору менен өз ара аракеттенүүсүнүн стратегиялык маанилүү экендигин баса белгилеп турат.







