Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2026-жылдын 23-апрелинде «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» № 2026-П-12/25-2-(НПА) токтому (мындан ары токтом) кабыл алынды.  

Токтом Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 28-октябрындагы № 237 «Керектөөчү кредит жөнүндө» жана № 238 «Банктык укуктук мамилелердин маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзамдарына ылайык келтирүү максатында иштелип чыккан. 

Токтом Улуттук банктын расмий интернет-сайтында: www.nbkr.kg / Банк жөнүндө / Банк иши тууралуу мыйзамдар / Улуттук банк Башкармасынын токтомдору бөлүгүндө жайгаштырылган.  

Токтом менен өзгөртүү киргизилген ченемдик укуктук актылар Улуттук банктын расмий интернет-сайтында «www.nbkr.kg / Банк жөнүндө / Улуттук банктын ченемдик актылары / Банктык жөнгө салуу» жана «www.nbkr.kg / Банк жөнүндө / Улуттук банктын ченемдик актылары / Банк эмес финансы мекемелер ишин жөнгө салуу» бөлүктөрүндө жайгаштырылган.