Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн төмөнкү алмашуу бюролорунун лицензияларынын аракети токтотулду:  

2026-жылдын 3-июнунан тартып 5-июнун кошо алгандагы мезгил аралыгына Бишкек шаары Чүй пр., 125-үй, 18-кв. дареги боюнча жайгашкан «Алмена Клиник» ЖЧК алмашуу бюросунун 2021-жылдын 18-октябрындагы № 6209 лицензиясынын аракети;  

2026-жылдын 3-июнунан тартып 9-июнун кошо алгандагы мезгил аралыгына Бишкек шаары Курманжан Датка көчөсү, 169 дареги боюнча жайгашкан «Аслан-Бектур» ЖЧК алмашуу бюросунун 2024-жылдын 2-июлунда берилген № 6857 лицензиясынын аракети