Медиа өкүлдөрү менен жолугушуу: Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы негизги иш багыттары боюнча семинар өткөрдү
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы негизги иш багыттары жөнүндө кеңири маалымат берүү максатында 2026-жылдын 3-июнунда ЖМК өкүлдөрү үчүн окутуу семинарын өткөрдү. Бул жолугушуу жөнгө салуучу менен журналисттер өз ара ачык баарлашуусуна мүмкүнчүлүк берди.
Улуттук банктын төрагасынын орун басары Азат Козубеков семинарды ачууда катышуучуларга ЖМК менен өз ара иш алып баруу – жөнгө салуучунун ишиндеги негизги артыкчылыктардын бири экендигин жана мындай кызматташуу коомдук ишенимди бекемдеп, банк тарабынан кабыл алынган чечимдер коомго түшүнүктүү жана ачык-айкын маалымдалышына мүмкүнчүлүк түзөөрүн белгиледи.
Семинардын негизги максаты - медиа коомчулук Улуттук банктын ролу жана функциялары жөнүндө маалымат алуусун жогорулатуу саналат.
Иш-чарага белгилүү телеканалдардын, республикалык радиостанциялардын, басма сөз каражаттарынын, ошондой эле ири маалымат агенттиктеринин жана интернет-порталдардын журналисттери катышты.
Улуттук банктын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн начальниктери ЖМК өкүлдөрүнө валюта рыногунун иши жана монетардык саясат, керектөөчүлөрдү алдамчылык иш-аракеттеринен коргоо жагында көрүлүп жаткан иштер, финансылык кызматтарды санариптештирүү иштери, ошондой эле Улуттук банктын банк системасынын туруктуулугун камсыздоо чаралары жөнүндө кеңири маалымат беришти.
Семинардын жүрүшүндө журналисттер актуалдуу көйгөйлөрдү тиешелүү иш багытында эмгектенип жаткан адистер менен түздөн-түз талкуулап, кеңири түшүндүрмө алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.







