Бишкек шаарында Борбордук Азия жана Монголия региондору үчүн потенциалды өнүктүрүүнүн регионалдык борборунун Координациялык комитетинин жыйыны болуп өттү
2026-жылы Кыргыз Республикасы Кавказ, Борбордук Азия жана Монголия региондору үчүн потенциалды өнүктүрүүнүн регионалдык борборунун (мындан ары-Регионалдык борбор) Координациялык комитетине төрагалык кылат.
2026-жылдын 4–5-июнунда Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан Регионалдык борбор менен биргеликте уюштурулган Регионалдык борбордун Координациялык комитетинин кезектеги жыйыны болуп өттү.
Жыйынга Эл аралык валюта фондунун (ЭВФ), Регионалдык борборго мүчө мамлекеттердин жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн өкүлдөрү катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө Регионалдык борбордун иш жетишкендиктери жана жыйынтыктары, ошондой эле региондук муктаждыктарды жана жаңы жагдайларды эске алуу менен техникалык жардам көрсөтүү жана окутуу иш-чаралары аркылуу мүчө өлкөлөрдүн потенциалын өнүктүрүү жагында Регионалдык борбордун ишинин артыкчылыктуу багыттары талкууланды.
Жыйындын алкагында ЭВФтин Жакынкы Чыгыш жана Борбордук Азия департаментинин директорунун орун басары Субир Лалл мырзанын катышуусунда Регионалдык борбордун стратегиялык артыкчылыктары боюнча жогорку деңгээлдеги коллегиялык талкуу өттү.
Маалымат үчүн:
Регионалдык борбор ЭВФтин, тогуз мүчө өлкөнүн - Азербайжандын, Армениянын, Грузиянын, Казакстандын, Кыргыз Республикасынын, Монголиянын, Тажикстандын, Түркмөнстандын жана Өзбекстандын, ошондой эле өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн (Швейцария, Корея Республикасы, Азия өнүктүрүү банкы, Россия, АКШ, Польша, Кытай жана Европа бирлигинин) биргелешкен долбоору болуп саналат.







