Чолпон-Ата шаарында Финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жана финансылык жеткиликтүүлүк боюнча консультативдик кеңештин XVI отуруму болуп өттү 

 

2026-жылдын 4-5-июнь күндөрү Чолпон-Ата шаарында (Кыргыз Республикасы) Беларусь Республикасынын Улуттук банкынын төрагалыгы астында Финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жана финансылык жеткиликтүүлүк боюнча консультативдик кеңештин XVI отуруму болуп өттү.  

Иш-чаранын алкагында катышуучулар финансы кызмат көрсөтүүлөрүн керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо, финансылык сабаттуулукту жогорулатуу жана финансылык жеткиликтүүлүктү кеңейтүү чөйрөсүндөгү негизги жетишкендиктер тууралуу маалымат алмашышты.  

Салттуу тажрыйба алмашуу кеңештин ишинин маанилүү бөлүгү бойдон калууда, ал мыкты тажрыйбаларды жайылтууга, анын мүчөлөрүнүн иш жыйынтыктарын көрсөтүүгө, ошондой эле топтолгон эл аралык тажрыйбанын негизинде актуалдуу маселелерди чечүү ыкмаларын өркүндөтүүгө өбөлгө түзөт.  

 

Маалымат үчүн:  

Финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жана финансылык жеткиликтүүлүк боюнча консультативдик кеңеш 2015-жылы түзүлгөн жана Борбордук (улуттук) банктардын Евразия кеңешинин координациялык-кеңеш берүүчү органы болуп саналат.